29.04.2019 15:08

Жактоочу: Башкы прокурор Бишкек ЖЭБин жаңылоого $ 150 миллионго ТЭН бар экени тууралуу калп айткан

Жактоочу: Башкы прокурор Бишкек ЖЭБин жаңылоого $ 150 миллионго ТЭН бар экени тууралуу калп айткан

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте сүйлөп жатып, Бишкек шаарынын ЖЭБин жаңылоого $ 150 миллионго  техникалык-экономикалык негиздеме бар экени тууралуу калп айткан. Ошондой эле, бул боюнча башка күбөлөрдүн айткандары да жалган, деп билдирди мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаковдун жактоочу Нурбек Токтакунов. 

Анын айтымында, Тергөө Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнөн ЖЭБди модернизациялоо долбооруна 150 миллион долларга техникалык-экономикалык негиздеме түзүлгөнүн сураган. . 

«Бүткүл дүйнөлүк банк аларга маалымат берүүдөн баш тартып, Каржы министрлиги менен Өкмөткө шылтаган. Бизге да бул маалыматты берүүдөн баш тартышкан. Кийин алардын ортосунда кандайдыр-бир сүйлөшүүлөр жүрдү окшойт, эми ТЭНди иштеп чыгууга бөлүнгөн акча каражаты күзгү-кышкы даярдык мезгилине даярданууга жумшалып кеткен деген версияны карманып жатышат. Чынында эле техникалык-экономикалык негиздеме түзүүгө 2 миллионго жакын каражат бөлүнгөн, бирок аны ыгы жок сарптап салышкан», -деди Токтакунов.

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча соттолуп жаткандардын жаза өтөө чарасын өзгөртүү боюнча жактоочуларынын доо арызы каралды. Сот адвокаттардын жүйөөлөрүн жетишсиз деп эсептеп, бардык айыпталуучуларды камакта калтырды. УКМКнын Тергөө изоляторунда бул иш боюнча мурунку өкмөт башчылары Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңеш депутаты Осмонбек Артыкбаев, энергосектордун топ-менеджерлери  Салайдин Авазов менен Айбек Калиев отурушат. Булардын арасынан мурунку каржы министри Ольга Лаврова гана үй камагында.

Баарына тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция беренеси тагылган.